KELECHEK
rek

Украинада жумуштан бошотулган аскер кызматкери өзүн-өзү өрттөдү

Украинада жумуштан бошотулган аскер кызматкери өзүн-өзү өрттөдү

Киевде мурунку аскер кызматкери Сергей Ульянов жумуштан бошотулганы үчүн Коргоо министрлигинин имаратынын алдында өзүн-өзү өрттөп жиберди.

Аны кесиптештери токтотуп калууга аракет жасашкан, бирок ал өзүнө күйүүчү май куюп, өрт коюуга үлгүргөн. Куткаруучулар өрттү ылдам өчүрүп, “тез жардам” чакырып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Учурда Сергей Ульяновдун өмүрүнө коркунуч жаралган жок.

Ульянов журналисттерге эки жылдан бери армиядагы жумушун калыбына келтирүүгө аракет жасап келгенин, бирок майнап чыкпаганын билдирди. Өзүн-өзү өрттөө менен ал көйгөйүнө көңүл бурдурууну каалаган.

Ульяновдун айтымында, жумуштан бошотулгандан кийин айлыгы толук төлөнүп берилген эмес жана тиешелүү документтерин да ала албай калган. “Мен аскердик каттоого да тура албайм. Кадимкидей жашап, иштеп, өнүгө албайм”-, деди ал.

Ульянов буга чейин да өзүн өрттөөгө аракет жасаган. "Июнь айында ал Коргоо министрлигинин ыкчам линиясына кайрылып, коргонуу мекемесинин имаратынын алдында акция өткөрөрүн эскерткен. Кийинчерээк ал АКШ элчилигинин жанында өзүн өрттөй турганын маалымдаган", – деди Украина Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциялар бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алексей Никифоров.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...