Ошто сууга сүзүү боюнча мелдеш өтөт
Ош шаарында 30-июль- Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата “Дельфин” бассейнинде сууда сүзүү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Ош шаарында жайгашкан бардык каалоочу мекеме-ишканалардын, күч курамдардын, билим берүү, медицина жана коомдук уюмдардын кызматкерлери, шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери жана шаар тургундары катыша алат.
Мелдеш эркектер жана аялдар арасында жаш курагына жараша төмөнкү 3 тайпага бөлүнүп өткөрүлөт:
1-тайпа- 25 жашка чейин
2-тайпа- 35 жашка чейин
3-тайпа- 40 жашка чейин.
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор берилет. Иш-чара 30-июль күнү саат 14:00дө “Дельфин” бассейнинде өтөт.
Катышууну каалагандардын табыштамалары (Заявки) 29- июлга чейин Ош шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинде кабыл алынат.
Дареги: Ош шаары, Супаналиев көчөсү 1.
Байланыш телефондор: (03222) 2-50-34, 2-76-91.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20