Мария Бутинанын АКШ аткаминерлери менен байланыштары ачыкка чыгууда
Мария Бутина
АКШда “орусиялык агенттер” менен иштөөгө айыпталган Мария Бутина Вашингтондогу жогорку кызматтагы чиновниктер менен байланышта болгон.
Reuters маалымдагандай, 2015-жылы ал АКШ Федералдык резервдик системасынын ошол кездеги төрага орун басары Стэнли Фишер жана каржы министринин эл аралык маселелер боюнча орун басары Натан Шитс менен жолугушкан.
Бутина АКШга 2015-жылы апрелде Орусия Улуттук банкынын төрага орун басары Александр Торшин менен келген. Фишер жана Шитс менен жолугушууда алар Америка-Орусиянын экономикалык мамилелерин талкуулашкан.
Бул жолугушуулар тууралуу буга чейин маалымат айтылган эмес.
Фишер жана Шитс менен жолугушууну адатта Орусиянын позициясын колдогон, тышкы саясат тармагында иштеген Вашингтондогу аналитикалык уюм – Улуттук кызыкчылыктар борбору уюштурган.
Бутина "америкалык саясатчыларга таасир этүүгө аракеттенген, Орусиянын кызыкчылыктарын сүрөгөн жана орус бийлигинин пайдасына иштеген" деп шек саналып, 15-июлда кармалган. Бул беренелер боюнча эң жогорку жаза - 15 жыл. Бутина айыптоолорду четке кагып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04