KELECHEK
rek

АКШнын президенти Ирандын лидерин эскертти

АКШнын президенти Ирандын лидерин эскертти

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын лидери Хасан Роуханиге эскертүү берди. "Эч качан АКШны дагы коркутам дебегин, антпесе анын кесепетин тартасыңар", - деп жазды Трамп 22-июлда "Твиттердеги" барагына.

Андан бир нече саат мурда Роухани Трампты Иранга каршы саясат жүргүзбөөгө чакырган.

"Америка Иран менен тынчтык мамиледе болуу бардык тынчтыктын башаты экенин, Иран менен согушуу бардык согуштардын башаты экенин билиши керек", - деп билдирген Роухани жекшемби күнү өлкөнүн дипломаттары менен жолугушууда.

Президент Трамптын "Твиттердеги" эскертүүсүнөн эки саат мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеини жана башка диний лидерлерди кескин сындап, аларды "эки жүздүү ыйык кишилер" деп атаган.

Ал Ирандын өкмөтүн "мафия" деп атап, Кошмо Штаттар Иранга дипломатиялык, аскердик жана финансылык кысымды күчөтө турганын айткан.

АКШ Иран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кеткен. Келишимдин башка катышуучулары - Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай бул макулдашууну сактап калыш керек экенин белгилеп келишет.

Келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын ооздуктап, эл аралык коомчулук бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдетмей болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52