
Наманганда окуучу кыз төрөп, эс алуудагы мугалимдер жумушка чакырылды

Иллюстрациялык сүрөт
Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунда 7-класстын окуучусу төрөгөндүгү тууралуу маалыматтан кийин райондук билим берүү башкармалыгы эс алуудагы мугалимдерди мөөнөтүнөн мурда жумушка чакырды.
Мекеменин жетекчиси Шохиста Тургунова окуучу кыз төрөгөндүгүн четке кагып, бирок айрым мугалимдер жумушка чакырылганын ырастады.
«Ал кыз төрөгөн жок. Болгону гинекологиялык текшерүү маалында өз жанын кыя тургандыгын айткан. Бул сөздөр ушундан улам чыкты. Биз анын үйүнө барып, маселени жөнгө салып келдик. Бул окуядан кийин чынында эле эмгек өргүүсүндөгү айрым мугалимдер жумушка чакырылды. Алар балдар менен сүйлөшүп, жайкы каникулду кандай өткөрүп жаткандыктарын сурашат. Быйыл жумушка чыккан күндөрү үчүн алар эмдиги жылы эс алышат», — деди Тургунова.
Мугалимдер болсо окуучулардын үйлөрүн кыдырып, болгон окуя тууралуу ата-энелерге маалымат берип, балдарына көзөмөлдү күчөтүү керектигин эскертип жаткандыктарын айтышууда.
«Эгер кыздар эрезеге жеткен болсо, аларды УЗИге алып барып жатабыз. Ата-энелер менен сүйлөшкөндөн кийин ортодогу маектин мазмунун кагазга жазып, окуучулар жана алардын ата-энелери менен сүрөткө түшөбүз. Анан аларды отчет катары топтоп, мектеп жетекчилигине тапшырабыз. Ал жактан райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлөт», – деди мугалимдердин бири.
Чартак РИИБсинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери жергиликтүү мектептердин биринде окуган 13 жаштагы кыз төрөгөнүн ырастады. «Учурда бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө. Бул ишке тиешеси барлардан ДНК анализдер алынып жатат. Азырынча башка маалыматтар айтылбайт», — деди ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30