Жалал-Абадда көп күттүргөн жолдун курулушу башталды
Кечээ, 19-июль күнү, “Бишкек-Ош автоунаа жолун реконструкциялоо, V-фаза, «Маданият-Жалал-Абад жолу” долбоору боюнча кеңешме болуп өттү.
Кеңешмеге Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КР Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору Руслан Сатыбалдиев, “Renardet Consulting Engineers” компаниясынын долбоор жетекчиси Харун Ур Рашид, “AzVirt” жоопкерчилиги чектелген коомунун долбоор менеджери Кудрет Тунсипер, транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык координатору Акжолбек Бегалиев, ошондой эле Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунун администрация башчылары-акимдер, тийиштүү мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары катышышты.
Облус жетекчиси өз сөзүндө: "Көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлүү жолдун башталышын мамлекет башчыбыз Жээнбеков Сооронбай Шарипович өз көзөмөлүнө алып, "2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата башталып жаткан долбоор калкыбыз үчүн жакшы шарттарды жаратат. Анткени жол менен бирге эле район, шаар, айыл өкмөттөрдүн борборлоруна тротуарлар кошо салынып, жарыктандыруу иштери да жүргүзүлөт"-деп билдирди.
Ошондой эле, өкүл жумуштун жүрүшүндө жаралган жалпы көйгөйлөрдү көтөрүп, жумуштун ырааттуу жана кемчиликсиз жүрүшүн камсыздоону белгиледи. Мындан сырткары райондун акимдерине жол куруудагы техникалык маселелерди эске алып, долбоорду аткаруучулар менен тыгыз иш алып барууну милдеттендирди.
Эскерте кетсек, аталган жолдун узундугу 67 км, туурасы 2 тилкеден 3,5-3,75 метрди түзүп, жалпы сметалык баасы-72 млн. АКШ долларына бааланган.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13