Мамдума пенсия курагын көтөрүүнү биринчи окууда жактырды
Орусиянын Мамлекеттик Думасы пенсия курагын көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ага ылайык, аялдар 55 жаштын ордуна 63 жаштан, эркектер 60 жаштын ордуна 65 жаштан пенсияга чыгып калышат.
«Бул мыйзам долбоорунда биринчи кезекте иштебеген пенсионерлердин камсыздандырылган пенсиясын жогорулатуу жана аларды сактоо каралган», — деди документти тааныштырган өлкөнүн эмгек жана социалдык коргоо министри Максим Топилин.
Бир нече депутат пенсия реформасын кароону кийинкиге жылдырууну сунуштап, бирок кесиптештеринин колдоосуна ээ боло алышкан жок.
Маалыматка караганда, мыйзам долбоорун бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынан жалгыз депутат Наталья Поклонская гана колдогон жок, деп жазды «Ведомости» басылмасы.
Кечээ пенсиялык реформага нааразылык билдирип, Мамлекеттик Думанын имаратынын алдына эки жүзгө жакын адам чыккан.
Орусия өкмөтү өлкөдө пенсия курагын көтөрүүнү 14-июнда сунуштаган.
«Левада-Борбордун» акыркы сурамжылоосуна ылайык, эркектер үчүн пенсия курагынын көтөрүлүшүнө орусиялыктардын 89%, аялдар үчүн 90% каршы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









