Албек Ибраимов тергөө бүткөнчө камалды
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча деп, 29-августка чейин камалды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу 19-июлда Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.
Адвокат Сергей Слесарев соттун чечими мыйзамсыз болгонун, кылмыш ишти козгоого негиз жок экенин белгилеп жатат. Анын айтымында, Ибраимовдун бөгөт чарасын караган соттук жараян учурунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Бирок сот аны четке какты. Адвокат Сергей Слесарев мурдагы мэрди камакка алган чечимге макул эместиктерин билдирип, шаардык сотко арызданышарын да кошумчалады.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына 50дөй киши Албек Ибраимовдун камалышына нааразылыгын билдирип турушту. Өзүн Ибраимовдун жердешимин деп тааныштырган Анарбек Кошокбеков "иштеген адам камалып, адилеттик болбой жатканын" белгиледи.
Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары 19-июлда кармалып,Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тараткан кабарда ал тергөөгө бир нече жолу чакырылганы, бирок эгер кармала турган болсо куралчан каршылык көрсөтөрүн билдирип коркутканы белгиленген. Ошондой эле анын тиешеси бар делген бир нече кылмыш иши тергелип жатканы айтылган.
УКМКнын маалыматына караганда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.
13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









