Өзбекстанда дарыгерлер аялдын жыныстык органына жасалган операцияны уруксатсыз видеого тартып шылдыңдашкан
Сурхандарыя облусунун Термез шаардык ооруканасынын кызматкерлери сексуалдык зомбулукка кабылган аялга жасалган операцияны бейтаптын уруксатысыз видеого тартышкан. Кийинчерээк видеожазуу Интернетке тараган.
“Азаттыктын” өзбек редакциясына жөнөтүлгөн видеодон аялдын жыныстык органына тыгылып калган сабизди алууга аракет жасап жаткан дарыгерлердин колун көрүүгө болот.
Сабизди алгандан кийин догдурлардын бири видеонун авторунан бул процессти жакындан тартууну сурайт. Видеожазуу аял дарыгердин: «Сурхандарыя облусунун бойдон бүтүүгө каршы жаңы каражаты... музрабаддык сабиз жыныстык мүчөдө», деп айткан сөзү жана кесиптештеринин күлкүсү менен аяктайт.
Гинекологиялык креслодо жаткан аял мас күйөөсү тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган.
Сурхандарыялык дарыгерлердин биринин айтымында, бул видео быйыл январда тартылган. Бейтапты шылдыңдаган Людмила Климова – Термез шаардык ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн башчысы.
– Мындай абалга бардык аялдар – биздин жубайларыбыз, апаларыбыз, кыздарыбыз кабылышы мүмкүн. Бул догдурлар дарыгердик сырды гана бузбастан, адамдын ар-намысын тебелешти. Бул факт боюнча иликтөө жүргүзүлдүбү же жокпу, мага белгисиз, – деди ал.
Людмила Климова видео анын катышуусунда тартылганын четке каккан жок. “Мен бул видеону тарткан жокмун, ким качан бул видеону тартканы эсимде жок”, – деди гинеколог.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38









