Тажикстанда кыйноолорго даттангандар көбөйдү
Тажикстанда милициянын эки кызматкери менен Улуттук коопсуздук кызматынын офицери кыйноо көрсөтүү айыбы менен узак мөөнөттөргө кесилишти. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Шариф Курбонзода билдирди.
Анын айтымында, акыркы айларда өлкөдө жарандар милиция кызматкерлеринин кыйноолоруна даттанган учурлар көбөйдү. «Быйыл жылдын биринчи жарымында Башкы прокуратурага кыйноолорго даттанган 37 арыз келип түштү. Былтыр болсо жарым жылда 9 гана даттануу болгон», — деди Шариф Курбонзода.
Ошол эле маалда жарандардын көбү күнөөлүүлөр баары бир жазасыз калат деп эсептешип, кыйноолор боюнча көзөмөл органдарына көп кайрылбай тургандыгы айтылып келет.
Былтыр Кыйноолорго жана жазасыздыкка каршы жарандык коом коалициясы өлкөдөгү кыйноолордун болжолдуу картасын түзүп чыгышкан. Укук коргоочулар абалга анализ жүргүзүп, баарынан да кыйноолор кармалгандан кийинки сурак маалында көп колдонулат деген жыйынтыкка келишкен. Коалициянын маалыматына караганда, адамдар эң көп милиция кызматкерлеринин аракеттерине даттанышат. Укук коргоочуларга кайрылгандардын 60% (же 120 киши) тартип сакчыларынын кыйноосуна кабылганын билдиришкен.
Алар коалиция кызматкерлерине кыйноолордун түрлөрү жөнүндө айтып беришкен. Алардын билдиришинче, милиционерлер резина союл менен дененин ар кайсыл бөлүгүнө уруу, манжа учтарына ток жиберүү, тырмактардын алдына ийне саюу, кемсинтүү жолу менен психологиялык басым көрсөтүү, зордуктоо же зордуктоо менен коркутуу, күн суукта муздак сууга түшүрүү, сигареттин чогу менен денени күйгүзүү өңдүү ыкмаларды колдонушат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









