Орусияда 7 миң кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды
Орусияда жыл башынан бери жети миңден ашуун кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектеги басма сөз жыйынында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.
Анын айтымында, учурда Орусияда мыйзам бузду деген 70 миңдей кыргыз жараны “кара тизмеде” кала берүүдө. Алардын 50 миңден ашыгы соттун чечими менен бул тизмеге илингени үчүн аларды андан чыгаруу кыйын болорун министр эскертти.
2013-жылы Орусиянын бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага жазылган жарандар өлкөгө кайра киргизилбейт.
Бүгүнкү күнү Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 640 миң адам. Бул жалпысынан чет жакта иштеген мекендештердин 88% түзөт. Бирок иш жүзүндө мигранттардын саны мындан көп экени айтылып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









