Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өттү
Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациялар Ошто жолукту. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды.
9-15-июлда өткөн жолугушуу учурунда делегация мүчөлөрү Кыргызстандын Баткен жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Наманган, Фергана облустары чектешкен жердеги аймактарга чыгып иштешкен. Натыйжада Гава жана Гавасай аттуу аймактардагы чек ара өтчү сызыктары аныкталганын өзбек тарап билдирүүдө.
Жолугушуу жыйынтыгы менен атайын протоколго кол коюлган.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жолугушуу өткөнүн «Азаттыкка» коопсуздук боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаков ырастады. Ал азырынча кайсы тилкелер аныкталганы боюнча маалымат жашыруун экенин жана чек араны делимитациялоо боюнча келишимде айтыларын билдирди.
Былтыр Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170 чакырымы же 85% такталган. Калган 208 чакырым же 15%ы 2017-жылдын соңуна чейин макулдашылары айтылып, бирок аны делимитациялоо жана демаркациялоо аягына чыкпай калган. Адистер чек аранын калган бөлүгү эң оор участкалар экенин, муну тактоо жакын арада бүтпөй турганын айтып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









