KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕПИЛДИК ФОНДДОН КАНЧА ПАЙДА АЛЫНДЫ?

ЖАЛАЛ-АБАД: КЕПИЛДИК ФОНДДОН КАНЧА ПАЙДА АЛЫНДЫ?

Быйылкы жарым жылда Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан “Кепилдик фонд Жалал-Абад” коомдук фондусунун жардамы менен 6 жумушчу орду түзүлгөн. Буга чейин дагы 6 жумушчу орду менен фонддон жардам алган ишкана иштеп келе жатат. Бул тууралуу аталган фонддун башкы директору Канатбек Сулайманкулов билдирди. 

Алынган маалымат боюнча, фонд тарабынан быйылкы жарым жылда ишкерлер үчүн 6 кепилдик жардам көрсөтүлгөн. Алардын жалпы көлөмү 1 миллион 150 миң сомду түзөт. Анын бешөөсү соода тармагына, бирөөсү кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө таандык. Кепилдиктин негизинде ишкерлерге берилген насыянын көлөмү 4 миллион 200 миң сомго тете.

- Ишкерлер өнүккүсү келет, ал үчүн аларга насыялар керек. Бирок, ишкерлерде күрөө каржылык жагынан кыйынчылыктар туулат. Ошол учурда биз колдоо иретинде насыя алуу үчүн кепилдик каражаттарын бөлүп беребиз. Биздин кепилдик колдоонун натыйжасында насыя алган ишкерлер шаарда буга чейин 6 жумушчу ордун түзүшкөн болсо, быйылкы жарым жылда да 6 жумушчу ордун түзүштү. Ошентип, жөн гана кирешеси көбөйүп тим болбостон, жумушчу орундарын түзүп, бизнес коомго өзүнүн социалдык кызматын аткарып жатат, - дейт К. Сулайманкулов.

Канатбек Сулайманкуловдун билдиришинче, “Кепилдик фонд Жалал-Абад” коомдук фондусу шаарда ишмердүүлүгүн 2011-жылы баштаган.

- Беш жылдын ичинде фонд 3 миллион 50 миң сомдук капитал менен иштеп жатат. Мурда кепилдик шаар менен эле чектелип келген болсо, бүгүнкү күндө фонддун ачык акционердик  коому ачылып, эми мындан ары облус боюнча кардарларга кепилдик бериле баштады. Беш жыл аралыгында биздин фонд 130 чакан жана орто ишкерлерди юридикалык жактарга кепилдикке көрсөттү. Фонд тарабынан аларга 10 миллион сомго жакын кепилдик бердик. Андан сырткары, 50 миллион сомго жакын кредит берилди. Жеке ишкерлердин эсебинен жергиликтүү жана республикалык бюджетке 2 миллион сомго жакын салык түштү. Ошондой эле 518 жумуш оруну түзүлдү, - дейт ал. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38