АРАБ ИШКЕРЛЕРИ ЖАЛАЛ-АБАДГА КЫЗЫГЫШАТ(ФОТО)
Сауд Арабиядан келген ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү Жалал-Абад шаарында ишкердикти өнүктүрүүгө, туризм жана башка тармактарда өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө, пайдалуу байланыштарды түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу ушул өлкөдөн келген өкүлдөр менен Жалал-Абад шаарынын мэринин жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев Сауд Арабстандагы King Saud University жогорку окуу жайынын проректору жана профессору Мохаммед Али аль-Салих баштаган топту кабыл алып, өз ара байланыштар жана кызматташуулар тууралуу талкуулашты. Шаар мэри алыстан келген коноктордун атайын Жалал-Абад шаарына кызыгып жатканына жогорку баа берди жана пайдалуу кызматташтыктар үчүн дайыма эшик ачыктыгын жана жергиликтүү бийликтер тарабынан зарыл колдоолор болорлугун белгиледи.
Ардактуу конок Мохаммед Али аль-Салих ушуну менен Жалал-Абадга 3-жолу келгенин, ал эми Кыргызстанга төртүнчү жолу келип жатканын, бул жаратылышы кооз ажайып өлкө ага аябай жакканын баса белгилеп кетти. Ошондой эле Кыргызстанда жана анын ичинде Жалал-Абадда мусулмандар арасында соопчулук иштерин жүргүзүү менен аймакта ишкердикти өнүктүрүү багытында иш алып барууну көздөшөрүн билдирди.
Шаа мэри М.Тагаев Жалал-Абад шаарында туризмди өнүктүрүүнүн жана өнөр жай ишканаларын иштетүү жагынан өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечеги бар экенин белгилеп, коноктордун көңүлүн шаар четинен чыга турган минералдык ысык сууларга, мисте токойлоруна буруп, токойлуу аймакка баруучу асма жол куруу жана андан киреше табуу жагынан жакшы сунуштарга бурду. Мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүк алкагында иш жүргүзүүнүн жакшы шарттарына токтолду.
Тараптар өз ара ишкердик жана маданий байланыштарды чыңдоо жана пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү темаларды талкуулашты жана мындай жолугушуулар дагы улантылышы зарылдыгын белгилешти.
Келген коноктор жылуу кабыл алганы үчүн шаар мэрине ыраазылык билдиришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38