Назарбаев: теңге курсунун кубулушу калктын жашоосуна таасирин тийгизбейт
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 16-июлда Улуттук Банктын төрагасы Данияр Акишевди кабыл алып, валюта-каржы базарында туруктуулукту сактоо жана экономиканы андан ары өнүктүрүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөнүн айтты.
«Биринчи жарым жылдыкта экономика төрт пайыздан ашык өстү. Теңгенин курсун эркин коё берүү – дурус болду. Белгилүү бир деңгээлде туруксуздук болот, буга көнүшүбүз керек. Бул калктын жашоо-турмушуна таасирин тийгизбейт», - деди Нурсултан Назарбаев.
Казак президентинин айтымында, банк системасын колдоо үчүн үч триллион теңге бөлүндү. Назарбаев Улуттук банк төрагасын элдин аманаттарын абийирсиз акционерлердин алдамчы аракеттеринен коргоо үчүн банк секторун кылдат жөнгө салууга чакырды.
Улуттук Банк төрагасы каржы рыногунда негизги көрсөткүчтөр туруктуу экенин билдирди.
«2018-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча инфляциянын жылдык көрсөткүчү 5,9 пайызды түздү. Бул – соңку үч жылдагы эң төмөнкү көрүнүш. Улуттук банк инфляция деңгээлин 2020-жылга карата 4 пайызга чейин төмөндөтүүнү көздөп жатат», - деди Данияр Акишев.
Төрт ай мурун Казакстанда доллардын курсу 318 теңге болгон. Улуттук банктын 16-июлга карата расмий курсу бир АКШ долларына карата 343, 45 теңгени түздү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38