Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн үйү текшерилди
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун аймагында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында алынган ыкчам маалыматтардын жана соттун токтомунун негизинде, Ноокен РИИБнүн 10-тобунун каттоосунда турган, “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрүнүн жашаган 3 үйдүн даректерине калыстардын катышуусунда таң аткан убакта эрте менен тинтүү жүргүзүлдү.
Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, операция учурунда “Хизбут-Тахрир” динний экстремисттик уюмуна тиешелүүлүгүнө шектүү болгон гезиттер жана ДВД дисктер далил буюм катары алынып, чогултулган материалдар Ноокен РИИБнүн тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Ноокен районунун Достук айылынын тургундары буга чейин аялы каттодо турган ал эми өзү (38 жашта) соттолгон дагы бир атуул үй-бүлөсү менен (жолдошу жана аялы) жергиликтүү айылдагы мечитте айыл аксакалдарынын алдында аталган уюмдан чыккандыгын билдирди.
Акыркы убакта Жалал-Абад облусунда түшүндүрүү иштеринин натыйжасында бул мыйзамсыз уюмдун мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен чыккандардын саны арбып барат. Ноокен районунда да буга чейин 3 жаран өз эрки менен экстремисттик уюмдан чыгышкан.
Өткөн жыл ичинде Жалал-Абад облусунун аймагында 7 адам бул мыйзамсыз уюмдан өз эрки менен чыкса, быйылкы жылдын жыл башынан бери 6 ай ичинде 12 атуул адашып калгандыгын сезип, кайрадан туура жолго салттуу ислам динине кайткандыгын мойнуна алып массалык маалымат каражаттары аркылуу ачык айтып, Хизбут-Тахрир экстремисттик уюмунан чыгууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41
Кыргызстандын мусулмандардын азирети муфтийи Базар-Коргондо эл менен...
Арстанбап айыл аймагында Базар-Коргон РИИБмүнун 10-бөлүмү, Кыргызстандын мусулмандардын азирети...
Аймак 2016-06-20 13:29