Москвада мугалимге кол салган казакстандык аспирант камакка алынды
Казакстандык дипломаттар мугалимге кол салуу иши боюнча камакка алынган Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык институтунун аспиранты, казак жараны Жаслан Кудайбергенов менен жолугуп чыгышты.
Казакстан Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров кармалган жаранга атайылап ден соолукка зыян келтирүү айыбы тагылганын билдирди.
Анын айтымында, Кудайбергенов кеминде 30-августка чейин камакта болот. Учурда ал Москвадагы убактылуу кармоочу жайда кармалууда. «Адвокат менен байланыш түзүлдү. Анын кармоо шарттарына эч кандай нааразылыгы жок, ден соолугу жакшы», — деп кошумчалады басма сөз катчы.
29-июнда окуу жайдын мугалими башкы имараттагы кол салуудан кийин бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген. Анда жергиликтүү басылмалар кол салган адам качып кеткенин билдиришкен. Орусиянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, кол салган адамдын буга чейин окуу жайдан чыгарылган 1992-жылы туулган жаран экендиги аныкталганын жазган.
Июлдун башында Москванын Басман райондук соту Жаслан Кудайбергеновго карата 30-августка чейин камакка алуу бөгөт чарасын белгилегени белгилүү болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05