Казакстан ТИМи Каспийде аскер базалары ачылганын четке какты
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Каспийге АКШнын аскер базалары жайгаштырылгандыгы тууралуу билдирүүлөрдү четке какты. 2-июлда журналист Владимир Соловьевдун «Россия» телеканалындагы берүүсүндө Орусиянын расмий адамдары менен эксперттери АКШ Каспийге аскер базаларын ачканын айтышкан.
19-апрелде Казакстан парламенти Ооганстанга жүк жеткирүү тууралуу АКШ менен түзүлгөн келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырган. Протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга президент Нурсултан Назарбаев кол койгондугун 5-майда мамлекеттик басылмалар жазышкан.
«Каспийдеги аскер базалары тууралуу эч кандай сөз жок… транзит согуштук эмес жүктөрдү ташып өтүү үчүн гана пайдаланылат. Транзит Казакстандын гана эмес, АКШдан Ооганстанга жүк ташуучу жолдо жайгашкан башка өлкөлөрдүн аймактары аркылуу дагы өтөт», — деп жазылган Казакстан ТИМинин билдирүүсүндө.
Анда кеп ооган өкмөтүн колдоо операциялары үчүн америкалык жүктөрдү Казакстандын аймагы аркылуу ташып өтүү жөнүндө болуп жатканы белгиленген. Мекеме жүктөр жабык контейнерлер менен казакстандык улуттук компаниялардын коштоосу менен ташылышы керектигин билдирди.
Андан тышкары казак ТИМи буга чейин Орусия дагы ушундай эле транзитти ишке ашырып келгендигин белгилеген. Мекеменин маалыматына караганда, 2010-жылдан 2015-жылга чейин «ушул эле жүктөр Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын аймактары аркылуу ташылып турган.
«Мындай билдирүүлөргө орус ММК өкүлдөрүнүн жана эксперттеринин чыныгы абал тууралуу маалыматтарынын жоктугу себеп болду деп ойлогубуз келет», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04