KELECHEK
rek

Тажикстан: ишкер аял суракта милиция жылаңач чечинүүгө мажбурлаганын билдирүүдө

Тажикстан: ишкер аял суракта милиция жылаңач чечинүүгө мажбурлаганын билдирүүдө

Кибриё Юлдошева

Тажикстандын Спитамен районунун тургуну Кибриё Юлдошева жергилитүү милиция кызматкерлери сурак маалында аны кордоп, жылаңач чечинүүгө мажбурлагандыктарын билдирди. «Дунё» деген ашканага ээлик кылган Юлдошева быйыл майда документ жасалмалоо айыбы менен кармалган.

Кибриё Юлдошеванын айтымында, аны Спитамен райондук милициясынын үч кызматкери суракка алган.

«Алар кийимдин алдына үн жаздыруучу түзмөк катып койгон болушуң мүмкүн деп, мени жылаңач чечинүүгө мажбурлашты. Мен алардан уяттуу жерлеримди жаап алайын деп өтүндүм, бирок алар уруксат беришкен жок. Жылаңач бойдон алардын суроолоруна бир нече саат жооп бердим», - деди ал.

Кибриёнун айтымында, милиция кызматкерлери ага тийген эмес, бирок алардын көз караштары менен берген суроолору аны кемсинткен. Сурактын эртеси ал милиция кызматкерлерине даттанып, Башкы прокуратурага кайрылган. Учурда бул ишти иликтөө менен райондук прокуратура алектенүүдө.

Кибриё Юлдошева

Спитамен райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Юнус Бахронов Кибриё Юлдошеваны милиция кызматкерлери суракка алганын ырастады. Бирок ал кызматкерлердин ишкер айымды жылаңач чечинүүгө мажбурлагандыгы тууралуу билдирүүнү четке какты. Анын айтымында, Юлдошеванын даттануусунан кийин мекемеде ички териштирүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгында тергөөчүлөр тараптан эч кандай мыйзамга каршы аракет болбогону аныкталган.

Кибриё Юлдошевага каршы алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азырынча анын иши боюнча тергөө аяктай элек. Эгер Юлдошева бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, ири өлчөмдө айыппул төлөп же эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ишкер айым банкка 6 миң доллар өлчөмүндөгү насыясын кайтарып бергенин билдирүүдө.

Өткөн аптада Өзбекстандын Самарканд облусунда жергиликтүү тергөөчүлөр уурулукка шектелип кармалган эки аялды жылаңач чечинүүгө мажбурлап, аны видеого тартканы аныкталган.

Видеодон алынган скриншот

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53