Эрдоган Түркияга “жаңы доордо жаңыча өнүгүүгө” убада берди
Түркияда кайрадан шайланган президент Режеп Тайып Эрдоган 9-июлда Анкарада ант берип, президенттик кызматтагы экинчи мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурацияга Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.
Ант берүү аземинен кийин Эрдоган "түрк атасы" аталган Мустафа Кемал Ата Түрктүн кабырына барып, анда сүйлөгөн сөзүндө өлкөнү азыркы жол менен өнүктүрүүнү уланта турганын айтты:
- Биз Түркияны бардык тармакта бекемдейбиз, анын ичинде коргонуу жана чек ара коопсуздугу боюнча. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр бизди дүйнөдөгү экономикасы чоң он өлкөнүн катарына кошмойунча, бардык тармакка ири инвестицияларды салабыз, - деди Эрдоган.
Расмий маалыматтарга караганда, 24-июнда өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо Эрдоган 52 пайыздан ашык добуш менен экинчи жолу шайланды. Бул анын мамлекет башчы катары бийликтеги экинчи мөөнөтү, бирок президент катары чексиз бийликти алган алгачкы мандаты.
9-июлда бир жыл мурун референдум аркылуу Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Оппозиция бул өзгөртүүлөр “бийликтин бир колго топтолушуна шарт түзөт" деп эсептейт.
Эрдоган өзү 80 миллион калкы бар Түркияга “жаңы доордогу жаңы өнүгүүнү” убада берүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









