KELECHEK
rek

Өкүл Ж.Эгамбердиева: “2010-жылы июнь окуясында Жалал-Абад облусунан 86 адам каза болгон”

Өкүл Ж.Эгамбердиева: “2010-жылы июнь окуясында Жалал-Абад облусунан  86 адам каза болгон”

Бүгүн, 13-июнь күнү Сузак районунун Топурак-Бел участкасында 2010-жылы июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуя эскерилип, анда каза болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

Эскерүүгө 2010-жылдагы июнь окуясынында каза болгондордун жакындары, жабырлануучулар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чараны Сузак районунун акими Абдимухтар Маматов ачып, июнь окуясы мындан ары кайталанбасын, коомубузда улуттар аралык араздашуулар болбосун деген тилегин билдирди.

“Ошол окуяда карапайым калк эки элдин ортосундагы ынтымакты көрсөтүп, тынчтыкты сактап калууга күч аракеттерин жумшады. Элибиз сабырдуулук жана айкөлдүк менен тынчтык жолун тандап алды. Мамлекетибизде тынччылык, бакубатчылык орун алып, мындан ары өлкөбүз гүлдөп-өнгүү жолуна түшсүн ”, - деди А.Маматов.

Андан кийин сөз алган КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева июнь окуяларынын болгонуна 6 жыл болсо да, ал жараатты эч ким унутпай тургандыгын, каза болгондорду эстеп куран түшүрүп турбасак болбойт деген оюн айтты.

- Элибизде айтылгандай “өлгөндөрдү барктабай, тирүүлөр даңкталбайт”  тургандыгын эске алып, ар дайым ал окуяда каза болгондорду эскерип туралы. Ошол күндөрдү эстегенде, ушундай окуялар мындан ары кайталанбаса экен дейбиз. Улуттар аралык ынтымакты өзгөчө баалоо менен улутчулдукка жол бербешибиз керек. Биз ынтымактуу, эмгекчил, ачык өлкөбүз. Биздин өнүгүүбүз – коңшулар менен достукта, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен өз ара кызматташтыкка багытталган. Мына ушундай татаал мезгилде биз биримдик, тилектештик жана ынтымактын негизинде гана кыйчылыктарды жеңип, алга карай умтулууда ийгиликтерге жетише алабыз. Биримдмкти, стабилдүүлүктү сактоо менен алга карай алгалай берүүбүз зарыл. 2010-жылы июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облустарынан 442 жаран каза болсо, анын ичинен 86сы Жалал-Абад облусунан. Өкмөт тарабынан каза болгондордун жакындарын, жабыр тарткан инсандарды ар тараптуу колдоп келе жатат”, - деди өкүл Ж.Эгамбердиева.

Ошондой эле, өкүл Ж.Эгамбердиеванын айтымында, 2011-жылы июнь окуясында каза болгондордун элесине арналып Сузак районунун Топурак-Бел участкасына “Санпа шейиттерине” эстелик-монументи орнотулган. Ал жер атайын тосмолонуп, гүлдөр, бактар отургузулган. Ошондон бери жыл сайын 13-июнь күнү ал жерде эскерүү митинги болуп, каза болгондорго арналып куран түшүрүлүп келе жатат. Бул курулган эстелик-монумент Сузак  райондук коммуналдык чарбасына өткөрүлүп, ал эми курчап турган айланасы “Санпа шейиттери” коомунун төрагасы Мамарасулов Сырдаштын кармагына берилген.

“Мен ойлойм 5-6 жылда бул жер чоң бакка айланып, тынчтыктын, ынтымактын багы болуп калат деген ишенимдемин. Бакты өстүрүүгө Сузак айылдык өкмөтү тарабынан 334 миң сом акча  каражаты бөлүнүп берилген. Токой чарба жана жаратылышты коргоо комитети тарабынан бакты өстүрүүгө 80 миң сом бөлүнгөн. КР Президенти тарабынан улуттар аралык ынтымакты жана биримдикти бекемдөө боюнча Концепция кабыл алынган. Концепцияга ылайык, ар бир Кыргызстандын жараны “мен кыргыз жаранымын” деп сыймыктанууга тийиш”, - деди өкүл.

Ал эми Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасы Кубанычбек Кудайбердиевдин айтымына караганда, ассамблея тарабынан этностор аралык мамилени мындан ары да бекемдеп, элибизде тынччылык болушу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатат. Облуста 1 млн. 200 миң калк, 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашашат. Азырынча эч кандай улуттар арасында араздашуулар боло элек.

“Этностор аралык маселени өркүндөтүп өстүрүү боюнча мамлекеттик концепция кабыл алынган. Бул концепцияны ишке ашырууда бардык мекемелер биргеликте иш алып барып жылыштар болуп жатат. Мындай каргашалуу окуялар мындан ары кайталанбасын, каза болгондордун жайы жайлуу, топурагы торко болсун. Тынччылык болсун, Кыргызстан өнүгө берсин!”, - деди К.Кудайбердиев.

“Санпа шейиттери” уюмунун жетекчиси Байыш Асановдун сөзүнө караганда, ал карагашалуу окуяга 6 жыл болуп отурат. Бирок, ошол каргашада жакындарын жоготушуп, ушул кезге чейин унута албай келе жатышат.

“Өкмөт тарабынан каза болгондордун балдарына жардам берүү боюнча токтомдор чыккан. Бирок, бул токтомдорду 2015-жылы өкмөт бардыгын жокко чыгарып койду. Этностор аралык жаңжал мына 3 жолу кайталанды. Мындай окуя мындан ары кайталанбас үчүн азыркы жүргүзүп жаткан саясат жетишсиз болууда. Сепаратисттерге жеткиликтүү чара көрүлбөй келе жатат. С.Бакиевге үйу берилип кетсе, кечээ интернеттен К.Батыров пайда болуп “ал менин үйүм эмес, ал баламдын үйү” десе, бийлик коркуп кетип, кайра Кадыржандын үйүн өзүнө кайтарып берип жатат. Буга биздин кыжырыбыз келүүдө. Мындан ары ушундай иштер кайталанбасын, июнь окуясына жеткиликтүү баа берип, таза кылмышкерлердин жазасын бериш керек. Кадыржан Батыровго тиешелүү 28 обьектини алдык деп жатабыз. Аны убагында мамлекет К.Батыровго саткан. Эми экинчи ирет сатып жатасыңар. Ошол обьектилерден жабыр тарткандарга эмнеге бербейсиңер. Каза болгондордун балдары тыгылып бир үйдө 3-4төн болуп биригип отурушат. Аларга жер участоктор берилиши керек. Туугандар мында ары ынтымактуу бололу”, - деди Б.Асанов.

Ошондой эле, “Ата-Журтту коргогон баатырлар” уюмунун төрайымы Марсиана Мамаева да сөз сүйлөп, мындай окуялар мындан ары кайталанбасын деген каалоо-тилегин билдирди.

Акырында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз Закиров 2010-жылы июнь окуясында каза болгондорго багыштап куран окуп, элибизге тынчтык каалады.

“Көк-Арт Инфо” Маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13