KELECHEK
rek

Башкы штаб: Кулаган тик учак туристтерге жүк алып барган

Башкы штаб: Кулаган тик учак туристтерге жүк алып барган

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Ысык-Көл облусунун Түштүк Эңилчек мөнгүсү тарапта “Ми-8 МТВ” үлгүсүндөгү аскердик тик учактын кулап түшүүсү боюнча айрым маалыматтарга тактоо киргизди.

Башкы штаб билдиргендей, аскер тик учагы тоодогу туристтик компанияларга азык-түлүк жана медициналык каражаттарды жеткирүү үчүн барган.

«Өкмөттүн токтому боюнча мындай авиациялык иштерди аткарууга уруксат берилет. Кишилер жардамга муктаж деген фирмалар бизге кайрылышат. Биз азык-түлүк жана медикаменттерди жеткиргенбиз», — деп айтылат штаб тараткан билдирүүдө.

Буга чейин тик учак альпинисттерди куткарыш үчүн барганда кырсыкка кабылганы айтылган. Алдын ала маалыматтар боюнча ал катуу шамалдан улам бир капталы менен кулаган. Кырсыктын айынан төрт киши жаракат алган, курмандыктар жок. Бортто 15 киши болгон.

Андан кийин Ысык-Көлдөгү тик учак кулаган жерге дагы бир тик учак жөнөтүлүп, Бишкекке алты кишини, анын ичинде жабырлануучуларды алып келген.

Бул окуя боюнча тергөө органдары иш алып барып жатканын айткан Башкы штаб кырсыктаган тик учактын абалы тууралуу маалымат берген жок. Мекеме учууга жарамдуу тик учактардын санын атоодон дагы баш тартты.

Түштүк Эңилчек мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Кан-Теңир тоо тоомунда жайгашкан, Теңир-Тоодогу эң чоң мөңгү болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...