Тажикстанда 9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табылды
Тажикстанда дарыгерлер 9 айлык наристенин денесинен 10 ийне табышты. Медиктер бала аларды өзү жутуп алмак эместигин айтышууда.
Рентген аркылуу текшерүүнүн жыйынтыгында ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экени аныкталган. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болду. Дагы төртөө баланын денесинде калды.
Улуттук медициналык борбордун балдар хирургиясы бөлүмүнүн дарыгерлери аларга 9 айлык Мудассир Каримовдун туугандары 28-июнда кайрылышканын билдиришти. Текшерүүдөн кийин ийнелер наристенин денесинде бери дегенде эле үч айдан бери жүргөнү аныкталып, бала дароо ооруканага жаткырылган.
Мудассир Каримов - Рудаки районундагы Конституция кыштагында жашаган үй-бүлөнүн экинчи баласы. Анын атасы чет өлкөгө иштегени кеткен, апасы балдары менен үйдө отурат. Наристенин туугандары ийнелер анын денесине кантип кирип кеткенин таптакыр түшүнбөй жаткандыктарын билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, операцияга чейин бала өзүн кадимкидей эле алып жүргөн жана аны бир нерсе кыйнап жаткандыгынын эч кандай белгилери байкалган эмес.
Операцияга катышкан дарыгерлер дагы мындайды биринчи жолу көрүп жаткандыктарын билдиришти. Алар ийнелерди бала өз алдынча жутуп албаганын, анткени анын ички органдары жабыркабаганын белгилешүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38









