Түркмөнстан: активист уулу кармалгандан кийин атасы каза болду
Омрузак Омаркулыев
Түркмөнстанда активист Омрузак Омаркулыевдин атасы каза болду. Ал Түркияда түркмөн студенттеринин уюмунун түзүп, бийликтин чакыруусу менен мекенине кайтып келгенде кармалган.
Маалыматтарга караганда, 50 жаштагы Ширинбай майдын биринчи жарымында каза болгон. Айрым булактар буга анын уулунун түрмөгө камалышы себеп болгонун билдиришүүдө.
Учурда Омрузак Омаркулыевдин Достлук шаарындагы үйү коопсуздук органдарынын көзөмөлүндө жана маркумга куран окутуп келгендер суракка алынууда.
«Жакында эле кыркылыгын өткөрдүк. Ага кетчү чыгымдарды бийлик толугу менен өзүнө алды, бирок туугандарына бул боюнча эч кандай сөз болбошу керектигин эскертишти. Алардын үйү азыр дагы атайын кызматтын көзөмөлүндө. Келгендердин баарын сүрөткө тартып алып, кийин суракка чакырып, «Эмнеге келдиң? Кандай максатта? Чет өлкөдө жүргөн жакындарың барбы?» деген суроолорду берип жатышат. Буга байланыштуу адамдар муркумдун кошуналарыныкына баргандан да коркуп калышты», — деп билдирди «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булагы.
Анын айтымында, Омрузактын ата-энесине уулу 20 жылга кесилгенин жана анын 5 жылын жабык режимде өткөрө турганын айтышкан. «Алардын уулу менен көрүшүүсүнө уруксат беришкен жок. Буга чыдабаган атасы үч күндөн кийин эсине келбеген бойдон райондук ооруканада көз жумду. Эми болсо коопсуздук кызматкерлери бул жөнүндө эч кимге эч нерсе айтпагыла деп туугандарын коркутуп жатышат», - деди ал.
Омрузак Омаркулыев Түркияда экинчи курста окуйт. 21-январда «Азаттыктын» түркмөн кызматына интервью берип, Түркмөнстандын Анкарадагы элчилиги ал түзгөн уюмга кызыгып, колдой турганын билдиргенин айткан. Бирок 14-февралда түркмөн Боршайкомунун чакыруусу менен мекенине келген Омрузакты кайра өлкөдөн чыгарбай коюшкан. Кийин анын түрмөгө камалганы белгилүү болгон. Азырынча анын иши тууралуу маалыматтар жок.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53