ЖАЛАЛ-АБАДДА ИЧКИ ИНВЕСТИЦИЯ КӨЛӨМҮ ЭКИ ЭСЕ ӨСТҮ
Жалал-Абадда шаарды өнүктүрүү долбоорлоруна инвестиция тартуу иши колго алынып, кыйла алга жылуулар бар. Быйылкы жылдын алгачкы беш айында шаарга тартылган ички инвестициянын көлөмү эки эседен ашуун өскөн. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Мисалы, быйыл беш айда тартылган жалпы инвестициянын көлөмү 1 миллиард 156,3 миллион сомго жетти. Өткөн жылдын беш айында анын көлөмү 692,4 миллион сомду түзгөн. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу тартылган инвестициянын көлөмү 463,9 миллион сомго көп болуп, өсүү темпи 167 пайызга барабар болду.
Мындагы тышкы инвестицияны тартуу көлөмү өткөн жылдагыдан азайган жок. Мисалы, өткөн жылдын беш айында 266,1 миллион сомдук инвестициялар тартылса, быйыл анын көлөмү 267,1 миллион сомго жетип, 1 миллион сомго ашыгыраак тартылган. Ошентип, өсүү темпи 100,4 пайызды түздү.
Шаарда ички инвестицияларды тартууга көп көңүл бурулууда. Мисалы, быйылкы жылы беш айда тартылган инвестициянын көлөмү 889,2 миллион сомду түзсө, өткөн жылы беш айда анын көлөмү 426,2 миллион сомду түзгөн. Демек, 463 миллион сомго көп тартылып, өсүү темпи 208,6 пайызга тете болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38