KELECHEK
rek

Соттордун «кара тизмеси» түзүлөт

Соттордун «кара тизмеси» түзүлөт

Жарандык коом өкүлдөрү мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестрин түзөт. Бул тууралуу казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевдин Казакстанга өткөрүлүшү боюнча талкуунун жүрүшүндө жарандык активист Рита Карасартова билдирди.

Анын айтымында, «Бишкектин Октябрь райондук соту Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча чечимди мыйзамдарды одоно бузуу менен сот адилеттигин көзгө илбей чыгарды».

- Биз мыйзам бузган судьялардын «кара тизмесин» түзөбүз. Биз аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракеттерди көрөбүз. «Атамбаевдин учурунда орун алган башаламандык Жээнбеков келген учурда токтойт, башка адам келди, эми эл аралык аренада бизди уят кылбайт» деп кол чапкан элек. Бирок биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок.

Карасартова Кыргызстанда демократиянын абалы бекемделбей, артка кетип жатканына өкүнөрүн кошумчалады.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду. Ошону менен башкы көзөмөл органынын чечимин жокко чыгаруу боюнча адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы четке кагылды.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.

Астана блогерди «өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу« кыймылын колдойт» деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Буга чейин «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53