KELECHEK
rek

Сот Тунгышбаевди экстрадициялоого макул болду

Сот Тунгышбаевди экстрадициялоого макул болду

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тынгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдоду.

Муну менен башкы көзөмөл органынын чечимин жокко чыгаруу боюнча адвокат Нурбек Токтакуновдун арызы четке кагылды. Бул тууралуу 25-июндагы соттук отурумга катышкан укук коргоочу Рита Карасартова «Азаттыкка» кабарлады.

- Сот экстрадицияны туура деп чечип, "Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 131-беренесине ылайык ага каршы арыздансаңар болот" деп койду. Анда "тергөө-иликтөө иштери жүрүп жаткан жерден арызданса болот" деп турат. Бул "Казакстанга барып арыздангыла" деген эле кеп. Эң башында карап жатканда "бул кылмыш иши эмес, прокуратуранын жазган сунуштамасын карап жатабыз" деп башташкан. Аягында кодекске таянып башаламан чечим чыгарып койду. Мындай болбошу керек.

Адвокат жана укук коргоочулар "мамлекет Бишкектин №1 тергөө абагында отурган Тунгышбаевди бүгүн эле Казакстанга өткөрүп бериши ыктымал" деп чочулап жатышат.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин казакстандык жарандык активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. Уюм тараткан билдирүүдө активист Казакстанга өткөрүлсө кыйноого жана саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экени эскертилген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Буга чейин жактоочулардын бири Нурбек Токтакунов Тунгышбаевге Кыргызстандан баш паанек берүү маселесине УКМК тоскоолдук кылып жатканын айтып чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20