УКМК Атамбаевдин үйүнүн жанындагы мекеменин жери боюнча түшүндүрмө берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында жери болгонун тастыктады.
Маалыматка ылайык, Атамбаев президент учурунда аны кайтарыш үчүн ал жер УКМКнын 9-кызматына берилип, бирок кийин сатылган. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай деди:
- Ал жерлер 1980-жылдары дача иретинде УКМКга берилген. Ал участоктор 2011-жылы УКМКныкы экени документтештирилген. 2017-жылы май айында президентти кайтаруу максатында 9-кызматына кайтарылып берилген. Андан кийин ал жер эч кимге керексиз болуп калгандан кийин жеке жактарга сатылган.
УКМКнын өкүлү мекемеге тийиштүү жер Атамбаев президент болбой калгандан кийин сатылганын кошумчалады.
Буга чейин “Клооп” интернет-сайты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев аталган айылдан жер сатып алгандан эки жылдан кийин ошол аймактан УКМКга жер бөлүнүп берилгенин жазып чыккан.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылынан 2 гектардан ашык жер сатып алып там салып жатканы 2016-жылы белгилүү болгон. Атамбаевдин там салышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, оппозициянын кескин сынына кабылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53