KELECHEK
rek

НООКЕНДЕ К.КӨЛЬБАЕВДИН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

НООКЕНДЕ  К.КӨЛЬБАЕВДИН УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОБУНУН МҮЧӨСҮ КАРМАЛДЫ

Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну ИИМде мыйзамдагы ууру (Вор) К.Кольбаевдин  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган  Т.Э. шектүү катары кармалып, Ноокен РИИБдин УКТЖна КРнын ЖПКнин 94-беренесинин негизинде киргизилип, райондук сот тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

“21-июнь күнү  саат 16:30 чамасында Ноокен районунун Шайдан айыл аймагына караштуу Шайдан айылында мага бейтааныш болгон эки үч бала мени эч бир себепсиз эле оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, уруп, тепкилешип, ден-соолугума зыян келтирди”- деген арызы менен Ноокен районунун тургуну 1986-ж.т. А.С. кайрылган.

Жабырлануучу Ноокен райондук ооруканага жаткырылып, дарыгерлер тарабынан тез аранын ичинде операция жасалып, анын бооруна өтө оор жараат келгендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Ноокен РИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 104-беренесинин 2-б. негизинде 21.06.2018-жылы кылмыш иши козголгон.

Жогоруда аталган кылмыш иши боюнча,    Ноокен РИИБдин КМКты (Криминалдык милиция кызматы) тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын тургуну ИИМде мыйзамдагы ууру (Вор) К.Кольбаевдин  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1988-ж.т. Т.Э. шектүү катары кармалып, Ноокен РИИБдин УКТЖна КРнын ЖПКнин 94-беренесинин негизинде киргизилип, Ноокен райондук соту тарабынан 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.

"Азыркы күндө Э. Ташматовдун кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында Ноокен РИИБнүн КМКты тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат. Бир жума ичинде эле облус аймагында оор кылмыштарга тиешеси бар 4 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана катыштыгы бар адамдар кармалды", - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматыны ага инспектору, милициянын лейтенанты Турдубеков Мыктыбек.    

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...