“Астана-Экспонун” мурдагы башчысы 14 жылга эркинен ажырады
Казакстандын спорт жана туризм боюнча мурдагы министри Талгат Ермергияев коррупция боюнча айыпталып, 9-июнда 14 жылга эркинен ажыратылды.
47 жаштагы Ермегияев 2011-12-жылдары министр болгон. 2013-жылы "Астана-Экспонун" башчылыгына дайындалган. Ал уюм 2017-жылы Астанада боло турган эл аралык көргөзмөгө даярдыкты жүргүзгөн.
"Астана-Эксподогу" ири суммадагы уурдоолорго байланыштуу Ермегияев 2015-жылы июнь айында үй камагына отургузулган. Анын менен кошо орун басарлары да эркинен ажыратылды. Мурунку министр соттун өкүмүнө макул эместигин, жогорку сот инстанцияларына арызданарын билдирди.
Сот Ермергияевдин мүлкүн дагы мамлекеттин карамагына алуу боюнча бүтүм чыгарды. Тизмеден анын ар кыл компаниялардагы үлүштөрүнөн тышкары, Алматы менен Астанадагы батирлери, жер тилкелери жана кымбат баалуу автоунаалары бар.
“Астана-Экспо” улуттук компаниясы 2017-жылы өтө турган эл аралык көргөзмөнү өткөрүү үчүн шаарча куруу максатында түзүлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05