KELECHEK
rek

Издөөдөгү тажик ишкерине кыргыз паспортун берген кызматкер кармалды

Издөөдөгү тажик ишкерине кыргыз паспортун берген кызматкер кармалды

Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн эл аралык издөөдө жүргөн Низомхон Жураев аттуу Тажикстандын жаранына кыргыз паспортун берүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери ага эски үлгүдөгү (2004-жылдагы) паспорт берген. Кийин ал жаран 2017-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан жаңы үлгүдөгү паспорт алган. Жураевге Интерпол аркылуу издөө жарыяланып, Украинада кыргыз паспорту менен кармалган.

«ИИМдин Тергөө кызматы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «“Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында 18-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузактагы бөлүмүнүн А.А. аттуу башкы адиси кармалып, убактылуу кармоо жайына камалды», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Тажикстандагы Согди облусунун экс-депутаты, Исфара шаарындагы химиялык заводдун мурунку башкы директору, 51 жаштагы Низомхон Жураевге тажик ички иштер башкармалыгы бир нече кылмыштар боюнча айып таккан. Ал «Тажикстандын башкы прокурорунун орун басары Талип Бобоевди өлтүрүүнү уюштурган, мыйзамсыз курал сактаган жана 16 мамлекеттик объектти мыйзамсыз менчиктештирген» деп күнөөлөнгөн. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ишкер салыктан 11 млн. доллар каражатты жашырып алгандыгы аныкталган. 2007-жылы Жураев Тажикстандын аймагынан чыгып кеткен.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53