KELECHEK
rek

ЖАРАМАЗАН АЙТЫП, БАЛДАРГА БЕЛЕК КАМДАШТЫ (ФОТО)

ЖАРАМАЗАН АЙТЫП, БАЛДАРГА БЕЛЕК КАМДАШТЫ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарынын жаштары жеткинчектерди кино-тасмаларды көргөзүү жана руханий жагынан көңүл буруу аркылуу тарбиялаганга өтүштү. Топтолгон балдарга шириндиктерди акысыз таратышып, балмуздактар менен сыйлашты. Буга каражатты жаштары Орозо айында жарамазан айтып топтошкон. Жаштардын мындай аракетине балдар жана алардын ата-энелери ыраазы болушту.

Жалал-Абад шаарынын жаштарынан иргелген демилгечи топ Орозо айында жарамазан айтып, атайын каражат топтогон. Бул каражатка шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жүздөн ашуун балдарына тарбиялык маанидеги кино-тасманы акысыз тартуулап, алардын келечегине жакшы таасир көрсөтүүнү максат кылышкан.

Кичинекей жеткинчектер үчүн бир ай бою ар кандай иш-чаралар пландалып, өткөрүлүп келет. Ал эми бүгүнкү кино-тасма жана шириндиктер балдардын көңүлүн көтөрүп, мындай камкордукка кубанышканын жашырышкан жок.  

Жалал-Абад шаарындагы “Мир” кино-театрында уюштурулган иш-чарага бардык аймактардан келген балдар чогулушту. Аймактык башкармалыктардын адистери жер-жерлерде балдарды камкордукка алуу чаралары улантылып жатканын айтышат. 

Эскерте кетсек, балдарга камкордук көрүү, алардын ар тараптуу укуктарын камсыз кылуу иштери жыл бою жүргүзүлүп келет. Бул иш-чараларга менчик түрүнө карабастан бардык ишканалар, коомдук бирикмелер тартылган. Азыркы тапта да балдарга көңүл буруу акциялары тынымсыз өткөрүлүп жатат. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13