KELECHEK
rek

Үйлөрдү тоноп жүргөн уурулар тобу кармалды (ФОТО)

Үйлөрдү тоноп жүргөн уурулар тобу кармалды (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы бир нече үйдү тоноп, ууруук кылган адамдар кармалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ШИИБнүн Криминалдык милиция кызматы билдирди.

2018-жылдын январь айынан баштап Жалал-Абад шаарынын «Спутник», «Достук»  жана  «Курманбек»  кичи шаарчаларында жайгашкан көчөлөрүндөгү турак  жайларга,  алардын ээлери  жок болгондугунан пайдаланышып   белгисиз кылмышкерлер уурулукка киришип, үйлөрдүн ичинен  акчаларын, алтын  буюмдарын жана башка үй тиричилик буюмдарын  уурдашып,  элдерге бир далай материалдык зыян келтирилип, кылмышкерлер аныкталбай,  жабырлануучулардын  буюмдары  кайтарылбай,  элдердин  арасында  бир топ  нааразычылыктар  болуп  жаткан.

Жалал-Абад ШИИБнүн жетекчилиги тарабынан,  Жалал-Абад шарынын аймагында катталып бети ачылбай калган уурулуктардын, айрыкча турак жайлардан болгон уурулуктардын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн талдоолор жана болгон маалыматтардын  негизинде  алдын  алуу  жана  ыкчам иликтөө иш чараларын жүргүзү үчүн тажрыйбалуу КМК кызматкерлеринен турган ыкчам издөө тобун түзүп, бул багыттагы ыкчам иликтөө иш-чараларын жүрүшүн  көзөмөлүнө  алынды.

Жүргүзүлгөн  ыкчам иликтөө иш-чараларын натыйжасында 2018-жылдын 12-июнь күнү  Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчысынын тургуну 1983-жылы туулган,  мурда  соттолгон М.Н.  жана анын  кылмыштуу  шериги Сузак районунун  Ырыс айылдык округунун Тейит айылынын  тургуну 1993-жылы туулган, мурда соттолгон Т.Х. кармалышып, Жалал-Абад шаарынын аймагында 10 турак жайга уурулукка киргендиги боюнча  көрсөтмөлөрү алынып,  Жалал-Абад  ШИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилип, тергөө амалдары жүргузүлүүдө.

Ошондой эле, ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө кармалган Т.Х. жана М.Н. Сузак районунан  Ырыс айыл аймагында  5 үйдө болгон уурулук фактысын жасагандыгы боюнча, мындан сырткары Ош облусунун Өзгөн районунун аймактарында 4 үйгө, Кара-Суу районунун аймагында 3 үйгө болгон уурулук фактылырын  жасагандыгы туралуу көрсөтмөсүн берди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...