KELECHEK
rek

Анжелина Жоли Ирактагы сириялык качкындардын лагерине барды

Анжелина Жоли Ирактагы сириялык качкындардын лагерине барды

Анжелина Жоли Мосул шаарында

БУУнун качкындар иши боюнча агенттигинин атайын чабарманы Анжелина Жоли жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү сириялык качкындардын лагерине барды. Рейтер агенттиги Голливуд жылдызы жарандык согуштан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондорго жардам берүүгө аракет кылганын жазды.

Жоли 33 миң киши баш калкалаган Домини лагеринде качкындардын үй-бүлөлөрү менен жолугушуп, турмуш шарттары менен таанышты. Анын алдында актриса ирактык аскерлер экстремисттерден кайтарып алган Мосул шаарында болгон. Жихадчылар калааны үч жыл мурун басып алып, негизги таянычына айландырышкан. Ал жердеги кармаштарда 900 миңдей киши өлгөн.

Жоли Мосулдун түндүгүндө талкаланган көчөлөрдү кыдырып чыкты. Чабарман бул кызматты аркалап келаткандан бери мынчалык бүлүнгөн, талкаланган шаарды көрө электигин айтты.

Анжелина Жоли Мосул шаарындагы урандылар арасында

Мосулдун көпчүлүк аймактарындагы тургундар үчүн кадыресе жашоо кайтып келди. Мосулдун түндүк бөлүгүндөгү Эски шаар АКШ башында турган эл аралык коалициянын авиациялык колдоосу менен Ирак аскерлеринин ислам экстремисттерине каршы күрөшү маалында кыйла чоң зыянга учураган.

Жоли Мосулдун түндүгүндө талкаланган көчөлөрдү кыдырып чыкты. Чабарман бул кызматты аркалап келаткандан бери мынчалык бүлүнгөн, талкаланган шаарды көрө электигин айтып, эл аралык коомчулукту Мосулду унутуп калбоого чакырды.

БУУнун качкындар мекемесинде 2001-жылдан бери иштеп келаткан Жоли Иракка ушуну менен бешинчи жолу барды. Буга чейин ал Ирак, Камбоджа жана Кения өлкөлөрүндөгү согуштарда жабыркаган жарандык адамдарга жолугуп, алардын абалы менен таанышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52