KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАД: ИЮНЬ КАРГАШАСЫНЫН  КУРМАНДЫКТАРЫ ЭСКЕРИЛДИ (ФОТО)

Бүгүн, 13-июнда Сузак районундагы Топурак-Бел участкасында июнь коогалаңында каза болгондор эскерилди.

Кыргызстанга эң биринчи тынчтык жана ынтымак-ырашкердик керек, ошондо гана карапайым калктын мүдөөлөрү ишке ашат. Бүгүн Сузак районунун Топурак-Бел участкасында июнь окуяларынын курмандыктары үчүн тургузулган эстеликтин жанында өткөн мындан сегиз жыл мурунку кандуу окуяларды, анда набыт болгондорду эскерүү иш-чарасында ушундай каалоолор айтылды.

Эскерүү иш-чарасына Жалал-Абад шаарынын, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун, облустун мекеме-ишканаларынын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, кандуу окуя маалында жабыр тарткандар менен набыт болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, облус, шаар жана район жетекчилери катышышты.

Иш-чаранын катышуучулары эстеликке гүлчамбарларды коюшуп, курман болгондордун элесине таазим кылышты.

Иш-чараны Сузак районунун акими ачып, андан ары сөздү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков улантты. Өкүлдүн орун басары өз сөзүндө "Элибизде эч качан мындай кандуу күндөр кайталанбай, эч бир эненин көзүнөн кайгыруунун, капалыктын көз жашы акпасын. Ар дайым алакандай элибиз аман болуп, Ата-Журтубуздун бүтүндүгү бүлүнбөй, жакшылык күндөрдө, жагымдуу көз ирмемдерде жашоо кечирели" - деп ыйгарым укуктуу өкүл К.Сатыбалдиевдин атынан калабада курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

“Санпа шейиттери” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү мындай кандуу окуялар мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын жогору койгон кишилердин терс аракеттери менен башталганын, бирок окуяга катышкандар жазасын алып, чыныгы уюштуруучулар дале сыртта аман-соо жүрүшкөнүн айтышты. Кандуу окуяларды уюштургандар кайсы мамлекетте болбосун, алар жазасын алышы керек, ал эми карапайым калктын бул иште күнөөсү жок дешти.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин пикиринде, шаар көп жабыр тарткан аймактарга кирет. Бирок, шаар бийликтеринин, шаар коомчулугунун жакшы аракеттери менен Жалал-Абад азыр таптакыр башка турпатка өтүп, кооз болуп баратат. Элдин ынтымагы бекем, ошондуктан да ийгиликтүү аракеттер өз натыйжасын берип жатат.

Иш-аранын аягында каргашалуу окуялардын курмандыктарына арналып Куран окулду. 

Эскерте кетсек, 2010-жылдын июнь айындагы кандуу окуяларда жалпысынан 500гө жакын киши курман болуп, 2 миңге жакын киши жабыркаган. Ал эми Жалал-Абад шаарында 31 киши курман болсо, 72 киши жабыр тартышып, дагы бир киши дайынсыз.   

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41