ЖАЛАЛ-АБАДГА ЖАҢЫ МЭР, ЖАҢЫ ТӨРАГА ШАЙЛАНДЫ
Жалал-Абад шаарынын кезектеги сессиясы болуп, анда шаар мэрин жана шаардык кеңештин жаңы төрагасын шайлоо маселелери күн тартибине киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы биилдирди.
Шаардык кеңеште жакын арада эле түзүлгөн “Үлгүлүү шаар үчүн” көпчүлүк коалициясы тарабынан шаар мэринин кызматына буга чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Мураталы Тагаевдин, ал эми “Ата-Журт” фракциясынан фракциянын лидери Шайырбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Талапкерлер шаарды өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн платформалары менен тааныштырышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришкен соң, аймактык шайлоо комиссиясы жашыруун жабык добуш процедурасын баштап, сессиядагы катышып жаткан 30 депутат добуш берүүгө катышышты.
Натыйжада, Мураталы Тагаев 18 добушка, Шайырбек Ташиев 11 добушка ээ болушту. Ал эми бир шайлоо бюллетени шайлоо кимиссиясы тарабынан жараксыз деп табылды. Ошентип, көпчүлүк коалициядан көрсөтүлгөн Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды.
Сессияда ошондой эле шаардык кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Мэп болуп шайланган М. Тагаев төрагалык кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, аны депутаттар канааттандырышты. Ал эми анын ордуна депутаттык корпус тарабынан депутат Жолдошев Айбек Дөөлөтбекович көрсөтүлүп, анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.
Сессия учурунда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп турган Сапар Аканов кызматтан кетүү тууралуу арыз берип, депутаттар анын арызын канааттандырышты. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп депутат Эрнисбек Ормоков шайланды.
Эскерте кетсек, азыркы сегизинчи шайланган шаардык кеңеште 31 депутат бар. Сессияга бир депутат келбей калды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









