KELECHEK
rek

Казакстанда Кытайда кармалган этникалык казактарды бошотууну сурашууда

Казакстанда Кытайда кармалган этникалык казактарды бошотууну сурашууда

Кытайда камакта отурган этникалык казак Ертай Султанбектин туугандары маалымат жыйынын өткөрүп, казак бийлигинен көмөк сурады. Алар Эртай быйыл 25-майда кармалганын, ошондон бери кабар жок экенин айтышууда. Агасы Жеңишбек Султанбектин айтымында, Ертай камалган кезде Казакстандагы туугандарына “Элбашыдан алкыш кагаз алганым үчүн күнөөлүүмүнбү” деген мазмунда кат жөнөткөн.

Жарандык активист Серикжан Билеш “Ертайдын камалуусуна Назарбаевдин түздөн-түз катышы бар” деген пикирин айтты. Ал Ертай Султанбек акын, композитор экенин 2007-жылы Назарбаевге “Нураганын монологу” деген поэма арнаганын белгиледи. 2008-жылы президент авторго ыраазычылык кат жөнөткөн.

Маалымат жыйыны бийликтин көңүлүн буруу үчүн Назарбаевдин Кытайдагы сапары маалында уюштурулган. Жеңишбек Султанбек инисинин диний экстремизмге катышы жок экенин билдирди. Кытайда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралып жатканын кошумчалады.

Казакстан Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, 177 этникалык казак Кытайдан чыга албай, туткунда калган. Астана “саясий жактан кайра тарбиялоо” жайына түшкөн казактарды бошотуу боюнча Пекинге бир нече жолу кайрылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53