Кыргыз-тажик чек арачылары ок атышпоо тууралуу протоколго кол коюшту
6-июнда Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын делегациясы Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.
Кыргыз делегациясын Мамлекеттик чек ара кызматынын полковниги Уларбек Шаршеев жетектеп барды. Тажикстан тараптын делегациясын УКМКнын чек ара аскерлеринин жетекчиси Ражабали Рахмонали жетектеген. Эки тарап кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаалды талкуулап, соңку учурда чек арада чыр-чатактар көбөйгөнүн айтып, тынчсызданууларын билдирди.
Алар Кыргызстандын Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат айылында 4-июнда болгон окуяны иликтөөдө аскер адамдарынын аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу болгонуна баа берилери айтылып, мындай окуялардын алдын алуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө сүйлөштү.
Жолугушууда чек арадагы инциденттер жаралган учурда такыр курал колдонбоо тууралуу чечим кабыл алынды. Жергиликтүү чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилигине эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү келмейинче активдүү чара көрбөө талабы коюлду. Жолугушуунун аягында жетишилген макулдашуулар камтылган протоколго кол коюлду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









