KELECHEK
rek

Өзбекстанда студенттин өлүмү боюнча негизги айыпталуучу эркиндикте калууда

Өзбекстанда студенттин өлүмү боюнча негизги айыпталуучу эркиндикте калууда

Иллюстрациялык сүрөт

Наманган облусундагы Агроэкономикалык колледждин 3-курсунун студенти Абдугаффар Алижановдун өлүмү боюнча негизги айыпталуучу дале эркиндикте калууда. Бул тууралуу маркум өспүрүмдүн туугандары жана тергөө иштерине жакындан тааныш адамдар билдиришүүдө.

Абдугаффар Алижановду курсташтары 1-июнда окуу жайдын короосунда өлөрчө сабашкан.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү милиция кызматкеринин айтымында, Алижановдун өлүмүнө шектелип аталган колледждин 2-курсунда окуган беш студент кармалып, аларга каршы кылмыш иши козголгон. Адамдын денесине атайылап зыян келтирүү беренеси менен айыпталып жаткан өспүрүмдөр сегиз жылга чейин эрктеринен ажыратылышы мүмкүн. Милиционер белгилегендей, бирок бул кылмыш боюнча негизги айыпталуучу дале эркиндикте калууда.

– Аталган окуу жайдын 2-курсунун дагы бир студенти негизги айыпталуучу болуп эсептелет. Абдугаффарды дал ошол бала биринчилерден болуп урган. Бирок анын атасы бай жана облустагы таасирдүү адам болгондуктан ал дале эркиндикте жүрөт. Ага эч кандай айып тагылган жок», — деди милиция кызматкери.

Ал кармалган берки өспүрүмдөргө карата тергөө абагында кыйноолор болуп жатканын кошумчалады.

Курсташтарынын колунан каза тапкан өспүрүмдүн атасы Тахир Алижанов бул ишти башка райондун же облустун тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү өтүнүчү менен президентке кайрылганын билдирди.

– Алар онго жакын болчу. Мен окуяга күбө болгон адамдар менен сүйлөштүм. Үч-төрт бала уулумду тепкилешип, калгандары башкаларды жолотпоо үчүн аларды курчап алышкан. Бул уюшкан кылмыштуу топ болбогондо анан эмне? Азыр уулумдун өлүмү боюнча негизги айыпталуучу эркиндикте жүрөт. Эмнеге ага кылмыш иши козголбойт? Мен мындай адилетсиз тергөөгө чыдай албайм», — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...