Тажикстанда өлкөгө кайткан мигранттарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда
Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо, ошондой эле Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрликтери аэропорттордо, темир жол станцияларында жана чек аралардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттерде медициналык текшерүү пункттары ачылышы керектигин билдирүүдө.
Мекемелердин сунушуна ылайык, өз мекенине кайтып келген мигранттар тиешелүү медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана өлкөгө киргизилиши керек. «Ушундай жол менен гана булагы катары мигранттар эсептелген жугуштуу оорулардын, анын ичинде ВИЧ менен кургак учуктун алдын алууга мүмкүн. Алар үчүн медициналык текшерүү бекер болушу керек», — деди Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин бөлүм башчысы Усмонали Латифи.
2000-жылдан бери Тажикстанда ВИЧ менен ооруган аялдардын саны көбөйгөн. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында алар бул ооруну көбүнчө Орусияда иштеп келген күйөөлөрүнөн жуктурганы аныкталган. Алсак, 2012-жылы ВИЧ жуктурган 1100 аял каттоого алынган.
Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө ВИЧ менен ооруган 7 миңден ашык киши жашайт. Алардын 14,9 пайызын мигранттар түзөт.
Өлкөгө кайтып келген мигранттарды текшерүүдөн өткөрүү чечимин туура деп эсептеген белгилүү тажик дарыгери Абдулло Давлатов аэропорттордо, темир жол станцияларында жана көзөмөл-өткөрмө бекеттерде медициналык жайларды ачуу түйшүктүү иш экенин жана ага көп акча керектелерин билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38









