KELECHEK
rek

Укук коргоочулар Орусиянын аялдар сүннөткө отургузулган райондорун аташты

Укук коргоочулар Орусиянын аялдар сүннөткө отургузулган райондорун аташты

«Укуктук демилге» фондунун юристи Юлия Антонова менен кавказдык изилдөөчү Саида Сиражудинова Дагестанда жана коңшу аймактарда аялдардын сүннөткө отургузулушу тууралуу баяндамасынын экинчи бөлүгүн жарыялашты. Алар мындай тажрыйба Дагестандын түштүк-батыш бөлүгүндөгү бийик тоолуу аймактарда кеңири жайылган деп эсептешүүдө.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Дагестанда сүннөткө отургузууга дуушар болгон кыздардын саны жылына 1240ка жетет. Жалпысынан 2018-жылдын башында республикада 3 миллиондон ашык киши жашаган.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү 2016-жылы күзүндө жарыяланып, кавказ республикаларында ал кызуу талкууну жараткан. Бул баяндамадан кийин Түндүк Кавказдын муфтийи «бузукулук» көйгөйүн жеңүү үчүн «дүйнөдөгү бардык аялдар сүннөткө отургузулушу керектигин» айтып чыккан.

Баяндама жарыялангандан кийин Дагестан прокуратурасы республикада текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында жасалган операцияларды ырастаган маалыматтар табылбаганын билдирген.

Укук коргоочулар текшерүүчүлөр мындан башкача жыйынтыкка келмек эместигин белгилешүүдө.

«Аялдарды сүннөткө отургузуу – бул «жашыруун операция». Бул маселенин интимдүүлүгүн эске алсак, анда жабыркагандардын эч кимиси жаш кезинде сүннөткө отургузулганын же мындай тажрыйба дале колдонулуп келатканын айтмак эмес. Ошондой эле жабырлануучулар мындай операцияларды жасап жүргөндөр тууралуу дагы укук коргоо органдарына кабарлайт болчу. Анткени бул айылдаштарын, ал эмес жакын туугандарын прокуратурага салып берүү дегенди түшүндүрмөк», — деп билдиришкен анда укук коргоочулар.

​Баяндаманын авторлору аялдарды сүннөткө отургузуу тажрыйбасын токтотууну эркектердин бул темага карата көз карашын өзгөртүү менен баштоо керек деп эсептешет. Алар аялдардын жүрүш-турушу катуу көзөмөлдө болгон патриархалдык коомдо өзгөрүүлөрдүн демилгечилери эркектер болорун белгилешүүдө. Ошондой эле укук коргоочулар светтик жана диний лидерлер аялдарды сүннөткө отургузуудан баш тартууга үндөгөн жана бул тажрыйбаны айыптаган ачык билдирүүлөрдү жасашы керектигин айтышууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53