Өзбек тартип сакчылары жаш кызды зордуктоого айыпталууда
Сырдарыя облусунун Гүлистан районунун прокуратурасы 3-июнда Баяут районунун укук коргоо органынын үч кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Алардын ичинде жашы жете электердин иши боюнча инспектор, участкалык инспектор жана милициянын катардагы кызматкери бар.
Тартип сакчылары 2016-жылдын 13-майында Д.А. аттуу жаш кызды зордукташкан. Ал аталган райондун “Юлдуз” кесиптик колледжинин 2-курсунун студенти болуп чыккан. Айыпталып жаткан кызматкерлер камакта.
“Азаттыктын” өзбек кызматынын өз булактары кабарлагандай, айыпталуучулардын экөө – милиция офицери, дагы бири – катардагы тартип сакчы.
– Адатта өзбектерде зордукталган кыз зөөкүргө турмушка чыгат. Мындай учурлар көп эле болуп келген. Тилекке каршы, бул жолу кызга топтошуп алып кыянаттык кылышкан экен. Ошон үчүн аларды кылмыш жообуна тартуудан башка арга жок. Бул кылмыш үчүн райондук гана эмес, облустук милициянын да жетекчилери жазага тартылат, - дейт ал.
Шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, 7 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.
Мындай окуя Өзбекстанда биринчи ирет болуп жаткан жери жок. Былтыркы жылдын августунда Каракалпакстандын Шуманай районунун милиция кызматкери да кыз зордуктоого барган. Ал жанын кыям деп ачык суу (уксус) ичип алган. Бактыга жараша, жергиликтүү дарыгерлер кыздын өмүрүн сактап калышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05