Стамбулда «көмүскө банкирлер» түркмөн VISA карталарынан акча чыгарып берүүнү сунушташууда
Стамбулда Түркмөн банктары тарабынан берилген VISA карталардан 16 пайыздык комиссия кармап, нак акча чыгарып берген кишилердин тобу пайда болду.
«Көмүскө банк» түзүп алган кишилер «Deniz otel» мейманканасынын алдында жайгашып, түркмөнстандык банк кызматкерлери менен иш алып барары болжолдонууда.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, Стамбулдагы «түркмөн көмүскө банктары» эмгек мигранттарынын төлөм карталарынан каалаган суммада акча чыгарып беришүүдө. Түркмөнстандыктар үчүн VISA карталарын колдонуу кыйынчылык жаратып жаткан маалда бул кызмат Стамбулда популярдуу болууда.
«Алар мага түркмөн банктары тарабынан берилген картадан каалаган акчаны алып берүүнү сунушташты. Ар бир 50 доллар үчүн 8 доллар (16 %- ред) кармашат экен»,- деди Арслан аттуу түркмөнстандык эмгек мигрант.
Түркмөнстанда VISA карталарына киргизилген чектөөлөр бийлик тарабынан жыл сайын катаалдаштырылып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38