Казакстанда менингиттен каза болгондордун саны 13кө жетти
Казакстанда быйыл жыл башынан бери менингококк инфекциясын жугузуп алган 59 адам катталган. Алардын 21и 14 жашка чыга элек балдар. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ооруну жуктуруп алгандардын 13ү каза тапкан: Алматыда — 6, Алматы облусунда – 4, Түштүк Казакстан облусунда – 2 жана Кызылордо облусунда – 1.
4-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жыл башынан бери менингококк инфекциясынан 12 киши каза болгонун билдирген. Ошол эле күнү Талдыкоргон шаарынын 17 жаштагы тургуну болжолдуу бул дартты жуктуруп алгандан кийин каза тапканы белгилүү болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги коомдо тараган тынчсызданууга себеп жоктугун айтып, кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө. Мекеменин билдирүүсүндө инфекциянын булагы эч кандай медициналык белгилери байкалбаган менингококту алып жүрүүчүлөр болушу мүмкүндүгү белгиленип, бул оору кыш жана жаз мезгилдеринде кезиге турганы айтылган.
Менингококк инфекциясы —түрдүү симптомдор менен коштолгон курч мүнөздөгү инфекциялык оору.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38