Кытай АКШ менен түзүлгөн бардык соода келишимдеринен чыгышы мүмкүн
Эгер Вашингтон Кытай товарлары үчүн жаңы бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу Дональд Трамптын планын ишке ашырса, анда Пекин өлкөлөр ортосундагы бардык соода келишимдеринен чыгат.
Кытай бийлиги мындай билдирүүнү жекшембиде, АКШнын соода министри Уилбур Росс менен Кытайдын Жогорку Кеңешинин вице-премьери Лю Хэнин ортосундагы жыйынтыксыз сүйлөшүүлөрдөн кийин жарыялаганын Reuters агенттиги жазды.
Ошол эле маалда Кытайдын тышкы иштер министри Хуа Чунинг өлкөнүн «диалог жана кеңешмелер эшиги» АКШ үчүн дайыма ачык экенин белгиледи.
Өз билдирүүсүндө Reuters агенттиги Кытайдын China Daily мамлекеттик гезитинин жазгандарына таянган. Басылма «Трамп Кытай менен экономикалык алакаларда адилеттүүлүктү издеп жатканын айтып, бирок АКШнын экономикалык артыкчылыктарын пайдалануу менен мындан пайда гана көрүүгө аракет кылып келгенин» жазды. Кытайдын Global Times деген дагы бир мамлекеттик гезити сүйлөшүүлөр АКШнын бир тараптуу кызыкчылыктарына иштебеши керектигин жазды.
АКШ президенти Кошмо Штаттар менен Кытайдын ортосундагы азыркы соода мамилелер Вашингтон үчүн адилетсиз жана пайдасыз экенин буга чейин бир канча жолу билдирген.
Пекин менен пикир келишпестиктер чечилбей турган чакта америкалык президент Евробиримдикте, Канадада жана Мексикада өндүрүлгөн болот менен алюминийге жаңы бажы тарифтерин киргизген. АКШнын өнөктөштөрү эсептелген бул өлкөлөр жооп катары америкалык товарларга дагы кошумча тарифтерди киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04