KELECHEK
rek

Кытай кармалган казакстандыктардын тогузун бошотту

Кытай кармалган казакстандыктардын тогузун бошотту

Пекин Кытай жарандыгынан чыгуу тартиптерин бузган деген жүйө менен кармалган бир нече казакстандыкты бошотту. Мындай макулдашууга тараптар эки өлкө өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин жетишкенин Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов 29-майда билдирди.

Ал Казакстандын жарандыгын алгандан кийин Кытайда кармалган этникалык казактардын маселеси анын Пекинге жасаган өткөн айдын соңундагы расмий сапарында, Кытай ТИМ башчысы Ван И менен болгон жолугушуусу маалында талкууланганын белгиледи. Абдрахмановдун айтымында, ал кезде Кытайда 12 казак жаранынын кармалганы белгилүү болгон.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тогуз киши бошотулганын айткан Абдахманов учурда анда дагы «170 этникалык казак» тууралуу маалыматтар бар экенин жана алардын ар бири боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Министр кийинки айда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ШКУ саммитинин алкагында Кытайга жасай турган сапары маалында бул маселенин талкууланар-талкууланбасын тактаган жок.

Буга чейин Кытайда кармалып, «саясий жактан кайра тарбиялоо жайына» жайгаштырылгандыктарын айткан казак жарандары Казакстан бийлигине кайрылганы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53