KELECHEK
rek

Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти

Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти

Аркадий Бабченко

Киевде орусиялык журналист Аркадий Бабченкону атып кетишти. Бул тууралуу Киев полициясына шилтеме кылып «Свобода» радиосунун украин кызматы жазды.

Украин ИИМинин расмий маалыматына караганда, крымдык татарлардын ATR деген телеканалында алып баруучу болуп иштеген журналист Аркадий Бабченко октон алган жараатынан улам каза болгон.

1977-жылы туулган Бабченкону атып кетишкендиги тууралуу алгачкылардан болуп журналист Айдер Муждабаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Бабченкону өз үйүндө арт жагынан атышкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча журналисттин сөөгүн анын аялы тапкан. Бабченко тез жардам унаасында баратканда каза болгон. Азырынча окуянын чоо-жайы белгисиз.

Бабченко Орусиядан былтыр чыгып кеткен. Анда мындай кадамдарынын так себептерин айтуудан баш тарткан журналист бул анын «эркиндигине» байланыштуу экенин белгилеген.

Аркадий Бабченко Чеченстандагы эки согушка тең катышкан. Кызмат өтөп бүткөн соң «Московский комсомолец» гезитинде аскердик кабарчы, андан кийин «Унутулган полк» берүүсүнүн баяндамачысы болуп иштеген. Акыркы жылдары көптөгөн басылмалар, анын ичинде «Новая газета» менен кызматташып жүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...