Астана Кытайдагы этникалык казактарды бошотууну суроодо
Казакстан менен Кытай дипломаттары Кытайдан Казакстанга кайтып, жарандык алган этникалык казактардын жагдайы тууралуу маселени талкуулашты. Бул тууралуу Казакстан ТИМи билдирет.
Министрлик кабарлагандай, Пекинде өткөн кеңешмеде эки тараптуу кызматташтык, эки өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселеси талкууланды.
Казакстан ТИМи Кытайда кош жарандык үчүн кармалган этникалык казактардын ишин адилет карап, аларды бошотуу өтүнүчүн билдирди. Жолугушуунун катышуучулары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районудагы этникалык казактардын маселесин чечүүдө бирге аракет жасоо боюнча макулдашты.
Мындан тышкары эки өлкө ортосундагы виза режимин жеңилдетүү маселеси талкууланды.
“Азаттыктын” казак кызматы буга чейин Кытайдагы этникалык казактардын жапырт кысымга учураганы, кармалганы жана "саясий жактан кайта тарбиялоо жайына" түшкөнү тууралуу жазган.
Кытайда казактар негизинен Шинжаң-Уйгур автоном районуна караштуу Иле-Казак автономдуу аймагында, Алтай, Тарбагатай жана башка аймактарда, Үрүмчү шаарында жашайт. 2000-жылдагы эл каттоого ылайык, алардын саны бир миллион 250 миңге чамалайт. Казактардын өздөрү Кытайдагы санын эки миллионго жетет деп санашат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









