Бишкекте сот казакстандык оппозициячыл активистти камакта калтырды
Бишкек шаардык соту 28-майда казакстандык оппозиционер, активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди камакта калтыруу боюнча 1-май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Казак бийлиги тарабынан издөөгө алынган активист 10-майда Кыргызстанда кармалган.
Апелляциялык соттун чечимин анын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Адвокаттын айтымында, келтирилген жүйөлөр эске алынбай, бир тараптуу бүтүм кабыл алынды.
- Сот жүйөлөрүбүздүн бирин дагы эске алган жок. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде Казакстан Кылмыш кодексинин 266-беренесине (кылмыштуу топту каржылоо) дал келген берене жок. Кишинев конвенциясы жана башка эл аралык, улуттук укук нормаларына ылайык, мындай учурда жарандарды башка өлкөгө берүүгө болбойт. Эгер берилбесе, камаганга да болбойт. Бул сыяктуу жүйөлөрдүн бири да сотто эске алынган жок, - деди Нурбек Токтакунов.
Астана Тунгышбаевди бул өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыптоодо. Казакстанда кылмыштуу топту каржылоого, экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталган блогер учурда Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурат. Ал саясий куугунтукка кабылганын билдирүүдө.
21-майда Башкы прокуратура Бишкекте кармалган жана саясий башпаанек сураган активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө макул болгон. Токтом казакстандык активист Бишкекте кармалгандан 11 күн өткөндөн кийин чыккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









