KELECHEK
rek

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев Ала-Бука районунда болду (ФОТО)

Өкмөттүн өкүлү К.Сатыбалдиев Ала-Бука районунда болду (ФОТО)

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев 23-24-май күндөрү 2 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барды. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Алгач эле "Орток-Бел" массивиндеги 800 гектардан ашуун аянтка өстүрүлүп жаткан сафлор эгилген талааны көрдү. Андан соң, Орток-Бел массивинин төмөн жагындагы "Чоң-Сай" участкасына сыйымдуулугу 500 млн куб. өлчөмүндөгү каналдын башкы суу заборунун курулушу менен таанышып чыкты.

Иш сапардын алкагында Ажек айылында 230 көрүүчүгө ылайыкташып, 2 кабат болуп салынып, 14 млн сомго курулуп жаткан маданият үйүнүн курулушу, ошондой эле Жаңы-Шаар айылындагы 1-кабаты бүткөрүлгөн 150 орундуу №26-"Жаңы-Шаар" орто мектебинин абалы, Көк-Таш айылындагы 20 койкалуу оорукананын курулушу жана "Чоң-Сай" айылындагы ФАПтагы жүрүп жаткан жумуштар менен таанышып, курулуш иштерин мыйзамдуу алып барып, өз мөөнөтүндө бүтүрүү керектигин белгиледи.


Ала-Букадагы чек ара маселесин жеринде көрүү үчүн Көк-Таш жана Ак-Коргон айылдык аймактарындагы такталбаган жерлерде болуп, чек арачы жоокерлер жашаган үйлөрдүн абалы менен таанышты. Өкүл өз сөзүндө бүгүнкү күндөгү чек ара тилкесиндеги 201,2 км. 140,7 км мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тузүлгөн комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдугу менен такталып жазылгандыгын, калган тактала элек аймактар да эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде тактала тургандыгын белгиледи. Өкүл 1-Май жана Көк-Таш айыл аймагынын калкы менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин укту. Жергиликтүү тургундар жол, электр энергиясы, паспорт, чек ара, кадрлардын жетишсиздиги тууралуу проблемаларды көтөрүшүп, чечүү берүү жагын суранышты. Ошондой эле, буга чейинки айтылган сунуш-көйгөйлөрдүн негизинде маселелер өз мезгилинде аткарылып жаткандыктарын белгилеп, алыскы аймактарга түз каттай баштаган кичи автобустардын жүрүшү эл үчүн ыңгайлуу шарт болгондугун айтышып, облус жетекчисине, райондук мамлекеттик администрация башчысына ыраазычылык билдиришти.


Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагындагы Чоң-Сай айылында жашаган 105 жаштагы Ажар энеден кабар алып, энелер үйдүн куту, дүйнөнүн түркүгү экендигин белгилеп, ден-соолук, кажыбас кайрат, дөөлөттүү карылык каалады. Ал эми айылдын эң улуу инсаны аталган Ажар эне атайын кабар алып келгени үчүн өкүлгө ыраазычылык билдирип, "эл жүгүн аркалоодо арышыңар кенен болуп, ар дайым жүзүңөр жарык болсун"-деп жетекчилерге алакан жайып батасын берди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41